Кыргызстанга 150 миң долларлык робот-реабилитолог берилди

Кыргызстанга 150 миң долларлык робот-реабилитолог берилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Травматология жана ортопедия улуттук борборунун директору, академик Сабырбек Жумабеков билдирди.

Сабырбек Жумабековдун айтымында, бул жабдуу операция жана травмадан кийин бейтапты калыбына келтирүүдө колдонулат.

Кайтарым негизде берилген заманбап жабдуу күн мурун Травматология жана ортопедия улуттук борборуна тапшырылды.

Белгилей кетсек, робот-реабилитолог буга чейин медицина тармагындагы кызматташуу тууралуу жетишилген макулдашуунун алкагында кытайлык компания тарабынан берилди.

25 Август 2026 жыл 9:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча