ИИМ 30–31-августта Бишкекте коомдук транспортту пайдаланууну сунуштады

30–31-август күндөрү Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземине байланыштуу жолдордо транспорт агымы көбөйүшү күтүлүүдө. Айрым көчөлөрдө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги шаар тургундарына жана конокторуна каттамын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча коомдук транспортту пайдаланууну сунуштады.

Аталган күндөрү «Бишкек Аренага» шаардын 21 жеринен атайын шаттл-автобустар каттайт. Жүргүнчүлөр өздөрүнө ыңгайлуу жөнөө пунктун тандап, иш-чара өтүүчү жерге жете алышат.

ИИМ айдоочуларды мүмкүн болсо жеке унаадан баш тартууга чакырды. Бул жолдордогу транспорттук жүктөмдү жана тыгындарды азайтууга жардам берет.

Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары жана каттамдары тууралуу маалыматты «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинен алууга болот.

ИИМ шаар тургундарын жана меймандарын транспорттук чектөөлөрдү эске алып, сапарын алдын ала пландаштырууга чакырды.

24 Август 2026 жыл 13:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча