Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин карамагына Токой кызматы өткөрүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтому чыкты.
Документте белгиленгендей, буга чейин Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу болуп келген.
Эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги токой чарбасынын субъекттеринин ишин уюштурат, токой чарбасын башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну жана токойлордун кадастрын жүргүзөт. Ошондой эле жаратылыш объекттерин кайра түзүүгө жана ландшафттарды калыптандырууга байланышкан чарбалык ишти жүргүзүүдө токой ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну контролдойт.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.