Айдоочуларга коңгуроо! Медеров көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

2-апрелден тарта  Бишкек шаарындагы  Медеров көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөө үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкина көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Ошентип, Медеров көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.

Буга байланыштуу  №212  коомдук транспорттун схемасынын багыты Горький көчөсүнө чейин өзгөрөт.

Ошондой эле Медеров/Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилиши жана Медеров/Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Белгилей кетсек, «Технотоп» ЖЧКсы подряддык уюму иш алып барат.

Ага ылайык, мэрия шаардыктарга, айдоочуларга жана борбор калаанын конокторуна  жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландоону жана коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.

2 Апрель 2025 жыл 0:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча