Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ош облусундагы Ак-Терек –Папан – Кожокелең унаа жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштерин толугу менен аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
«Иштер 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлүп, курулушту №21 Жол эксплуатациялоо мекемеси аткарды. Жолдун жаңыланышы айдоочулар жана жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүгө шарт түздү. Министрлик тарабынан өлкө боюнча жолдорду оңдоо жана жаңылоо иштери бекитилген планга ылайык улантылууда»,-деп айтылат маалыматта.

