Чүй облусунда курулуш эрежелерин бузгандар  1 млн. сом айыпка жыгылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда курулуш реестрине катталбаган объекттерге 1 млн сом айып пул салынды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, райондо логистикалык-соода борборунда курулуп жаткан кампалардын, газоблок чыгаруучу заводдун жана аквапарктын курулушунда одоно мыйзам бузуулар катталган.

Аталган объекттерде курулуш-монтаждоо иштери Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан жүргүзүлүп келгени аныкталды.

Натыйжада аталган фактылар боюнча курулуш жүргүзгөн тараптарга карата протоколдор түзүлүп, Укук бузуулар кодексинин негизинде жалпы 1 млн сом айып салынды. Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

1 Июль 2026 жыл 17:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча