2026-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар өлкөнүн аймагынан өз ыктыяры менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн пайдалана алышат. Бул учурда аларга карата айрым административдик жоопкерчилик чаралары колдонулбай тургандыгын Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Министрликтен билдирилгендей, көрсөтүлгөн мезгил ичинде Кыргызстандан чыгып кетүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өз ыктыяры менен кайрылган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдарга төмөндөгү мүмкүнчүлүктөр берилет:
— миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликтен бошотуу;
— мамлекеттик алым төлөбөстөн чыгуу визасын тариздей алуу;
— белгиленген мөөнөттө Кыргызстандын аймагынан тоскоолдуксуз чыгып кетүү.
Бул үчүн Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө кайрылып, тиешелүү чечим алуу зарыл. Андан соң керектүү документтерди тиркөө менен e-Visa порталы аркылуу чыгуу визасын тариздөө керек.
Бул мүмкүнчүлүктү ким пайдалана алат:
— өлкөдө болуу мөөнөтүн бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;
— визасынын же башка уруксат берүүчү документтеринин мөөнөтү өтүп кеткендер;
— Кыргызстанда мыйзамдуу жүргөндүгүн тастыктоочу документтери жоктор.
Ошол эле учурда убактылуу тартип төмөнкү адамдар үчүн жарабайт:
— аларга карата кылмыш иши козголгондорго;
— мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимдери барларга;
— төлөнбөгөн айып пулдары же салыктык карыздары барларга;
— ошондой эле КР мыйзамдарында каралган башка категориядагы адамдарга.
Эмгек министрлиги берилген мүмкүнчүлүк өлкө аймагында жүрүүнү мыйзамдаштырууну карабай тургандыгын эскертет. Ал чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга айрым административдик жоопкерчилик чараларын колдонбостон жана чыгуу визасын тариздөө үчүн төлөм албай, өз ыктыяры менен чыгып кетүүсүнө шарт түзүүгө гана багытталган.
Убактылуу тартиптин мөөнөтү аяктагандан кийин бул мүмкүнчүлүктү пайдаланбаган жана миграциялык мыйзамдардын талаптарын бузуу менен жүрүүнү уланткан чет өлкөлүктөргө КР мыйзамдарына ылайык чаралар колдонулат.