Акжол Махмудов үйлөнгөндөн кийин жашоосу кандай өзгөргөнүн айтып берди

Грек-рим күрөшү боюнча Олимпиада оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү жана дүйнөнүн эки жолку чемпиону Акжол Махмудов үйлөнгөндөн кийин жашоосу кандай өзгөргөнүн айтып берди.

Спортчу 2024-жылы декабрда үйлөнгөн.

«Менин жашоомдо өзгөчө чоң өзгөрүүлөр жок – үйлөндүм, балдар чоңоюп жатат. Үйгө келген сайын алар мага өзгөчө кубаныч тартуулашат. Менин оюмча, бул менин спорттук карьерамдагы бардык наамдардан жана медалдардан да кымбат турат.

Балдар, үй-бүлө – мындан өтөр эмне болушу мүмкүн экенин билбейм. Баары кадимки адамдардыкындай. Эртеби-кечпи баары үй-бүлө курушу керек», — деген Махмудов журналист Тахир Гафуровго берген маегинде.

16 Январь 2026 жыл 12:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча