Ала-Тоо» аянтында өспүрүмдөр мушташып кетишкен

    

19-августта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында бир нече адамдын топтошуп алып мушташкан видеосу социалдык тармактарда тарады.

Мушташкан өспүрүмдөрдүн баары аныкталып, Биринчи Май райондук милициясынын №5 бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция кызматкерлери тарабынан окуянын жагдайлары такталып, өспүрүмдөр менен профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ал эми алардын ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренеси боюнча протокол түзүлүп, тиешелүү айып пулдар салынган. Өспүрүмдөр кийин ата-энелерине же мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилет.

Бишкек шаардык милициясы ата-энелерди балдарынын жүрүм-турумуна, жүргөн жерине жана баарлашкан чөйрөсүнө, өзгөчө кечки жана түнкү убакта, көңүл бурууга чакырды.

20 Август 2026 жыл 11:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча