Кыргызстан бензиндин баасын туруктуу кармоо үчүн мамлекет 1 миллиард сомго жакын компенсация төлөөдө

Кыргызстанда бензин, дизель майы жана автогаздын баасын кымбаттатпай кармап туруш үчүн мамлекет нефтетрейдерлерге компенсация төлөп жатат. Монополияга каршы кызмат анын көлөмү ушул күндө 1 миллиард сомго жакындаганын билдирди.

Механизмге ылайык, күйүүчү май белгиленген чекене баада сатылат, ал эми анын реалдуу наркы менен керектөөчү төлөгөн баанын ортосундагы айырманы мамлекет компенсациялайт.

Учурдагы эсеп боюнча АИ-92 бензининин реалдуу баасы 111-118 сом болсо, айдоочу май куюучу жайдан аны 87,9 сомдон сатып алат. Калган бир литрине 23 сомдон 30 сомго чейинки акчаны мамлекет компенсациялайт.

Дизель майынын реалдуу баасы 125-137 сом деп көрсөтүлүп, анын чекене баасы 99,9 сом. Демек, бир литрине мамлекет 25-37 сом төлөп берет. Автогаздын реалдуу баасы 51-54 сом болсо, керектөөчү 48,8 сом төлөйт. Айырмасы 2,2–5,2 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, 17-августтагы маалымат боюнча, Бишкекте АИ-92 бензининин орточо баасы 87,9 сом болгон. Салыштыруу үчүн айтсак, Казакстанда бул көрсөткүч 47,4 сом, Россияда 72,1 сом, Өзбекстанда 99,9 сом, Тажикстанда 127,5 сом деп көрсөтүлгөн.

20 Август 2026 жыл 15:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча