Баетов–Макмал унаа жолу селден толук тазаланды. Эки тараптуу каттам бар

Баетов – Макмал унаа жолунун 36-чакырымында жүргөн селдин кесепеттери жоюлуп, жол толугу менен тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-августка караган түнү катуу жааган жамгырдан улам тоо капталынан түшкөн шагыл жолду жаап, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жараткан.

Жол-эксплуатациялык мекеменин кызматкерлери атайын техникалар менен тазалоо иштерин жүргүзүп, алгач каттамды бир тилке аркылуу камсыздаган. Учурда жолдо эки тараптуу унаа кыймылы толук калыбына келтирилди.

5 Август 2026 жыл 12:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча