Ак-Талаа районунда сел жүрүп, бир нече үйдүн короосун суу каптады

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сел жүрүп, бир нече үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Жаңы-Тилек айылында селден коргоочу каналдан кокту-колоттон түшкөн сел суулары ашып өткөн. Натыйжада сел суулары жалпы 18 турак жайдын короосун аралап өтүп, анын ичинен 2 турак жайдын жер төлөсүнө суу кирген. Ошондой эле 5 турак үйдүн короосуна сел калдыктары толгон.

Учурда жеринде селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Ага бир жүктөгүч техника, 12 куткаруучу жана Жарандык коргонуу кызматтарынын 8 өкүлү тартылган.

5 Август 2026 жыл 10:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча