Адылбек Касымалиев: «Күйүүчү май дагы кымбаттайт»

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттай турганын билдирди.

Анын сөзүнө караганда, өлкө Беларустан, Кытайдан, Түркиядан жана Европа өлкөлөрүнөн кара май ташып келүүдө. Андан тышкары Өзбекстанга нефти алып барып, аны ошол жактан иштетип, кайра Кыргызстанга айына 20 миң тонна бензин алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошондой эле күйүүчү-майлоочу майды Кытайдан автоунаа эмес, темир жол менен ташуу жолдору каралууда.

“Биздин эл газды, дизелди жана АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди көп колдонот. Ушуга байланыштуу биз субсидия кылып, бааны кармап атабыз. Бирок баалар баары бир акырындан кымбаттайт. Өзбекстан менен Тажикстанга салыштырып караганда бизде АИ-92 бензини, дизел 20-25 сомго чейин арзан. Баа дагы көтөрүлсө субсидия кылыш үчүн бюджеттен миллиарддаган каражат кетет. Ошондуктан баа баары бир өсөт”, — деди ал.

Адылбек Касымалиев солярка Кыргызстанга ташылып келген өз баасы менен сатылса 130-140 сомго, бензин 110-120 сомго чейин чыгып кетиши мүмкүн экенин кошумчалады. Өкмөт башчы Кыргызстанда дизел, газ, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана авиакеросин тартыш болбой турганын, АИ-95 жана АИ-100 үлгүсүндөгү бензин боюнча маселе жаралышы мүмкүн экенин айтты.

4 Август 2026 жыл 16:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча