Ош шаарынын Ж. Раимбеков көчөсүндө 2026-жылдын 31-июлунан 1-августка караган түнү «Ош-Тазалык» ишканасынын кызматкерине кол көтөргөн аялдын өздүгү аныкталып, ал Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган бөлүмдүн тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
«Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен бүгүн тиешелүү чечим кабыл алынат. Жеткирилген аял Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунун 1992-жылы туулган тургуну, эч жерде иштебейт. Ошол күнү курбусу менен анын үйүндө алкоголдук ичимдик ичип чыккандыгын, бирок мас абалда болгондуктан «Ош-Тазалыкта» иштеген жумушчу аял менен болгон окуя эсинде жок экендигин билдирди. Тергөө кызматы окуя боюнча иликтөөнү улантып жатат»,-деп айтылат маалыматта.