Орусиянын Москва жана Ленинград облустарындагы кампаларда учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулунан кийин өрт чыкты.
Ленинград облусунда Санкт-Петербург шаарына жакын жайгашкан Красный Бор конушунун кампа аймагында зыян катталды. Облустун губернатору Александр Дрозденконун айтымында, аймактын үстүнөн 17 учкучсуз учуучу аппарат атып түшүрүлгөн, бир адам жабыркаган. Келтирилген зыяндын көлөмү такталууда.
Бир катар ЖМКлардын жана Telegram-каналдардын маалыматына караганда, чабуулдун бутасы Красный Бордо жайгашкан «Wildberries» компаниясынын ири логистикалык комплекси болгон.
«Wildberries» компаниясы 4-августта Красный Бор конушундагы объектисинде өрт чыкканын маалымдады.