Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол жолунун курулушу өз мөөнөтүндө аяктайбы? Министрдин жообу

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолун реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди.

Анын айтымында, министр курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, жооптуу жетекчилерге жана подрядчы компанияларга жолду белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен бүтүрүү жана курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруу боюнча тапшырма берди.

«Долбоордун жалпы узундугу 141 чакырымды түзөт. Реконструкция аяктагандан кийин II категориядагы төрт тилкелүү, ортосу барьердик тосмо менен бөлүнгөн заманбап унаа жол пайдаланууга берилет», — деди министр.

Ошондой эле министр курулуш иштерин туруктуу көзөмөлдөп, бардык талаптардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо милдетин койду.

3 Август 2026 жыл 9:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча