Баткен шаарында ири суммадагы акчага байланыштуу алдамчылык фактысы катталып, шектүү жаран кармалды.
2025-жылдын 19-апрелинде шаар тургуну, 33 жаштагы С.Ү. аттуу жаран Баткен ШИИБге арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Баткен шаарындагы мал базарда Кадамжай районунун 22 жаштагы тургуну Т.У. аттуу аял менен бир баш уйду торпогу менен 115 000 сомго баалашып, алдын ала 10 000 сом бергени, ал эми калган 105 000 сомду бир жуманын ичинде төлөөгө убада берип, ушул күнгө чейин акчаны кайтарбай жүргөнү белгилүү болгон.
Бул факт Баткен ШИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.
Шаардык милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү Т.У. аттуу аял кармалып, учурда тергөө иштери улантылууда.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы жарандарды этият болууга жана мал-мүлк же акча каражаттарына байланыштуу бүтүмдөрдү документ жүзүндө так жүргүзүүгө чакырат.