Баткенде жарым миллион сомго жакын алимент төлөбөй жашырынып жүргөн жаран кармалды

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы балдарына алимент төлөбөй качып жүргөн Кадамжай районунун тургуну кармалганын билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, Ак-Турпак айылынын 35 жаштагы жашоочусунун алимент карызы жарым миллион сомго жакындаган, тактап айтканда, ал 474 856 сом төлөбөй жүргөн.

«Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде Т.Э. Кызыл-Кыя шаарында жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Шектүүгө карата тиешелүү тергөө амалдары уланып жатат»,-деп жазылган маалыматта.

24 Декабрь 2025 жыл 16:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча