БИШКЕК–НАРЫН–ТОРУГАРТ ЖАНА КӨК-МОЙНОК–КУВАКЫ УНАА ЖОЛДОРУНА ТҮШКӨН ТАШТАР ТАЗАЛАНУУДА, КАТТАМ АЧЫК

Бишкек–Нарын-Торугарт унаа жолунун 214–270-чакырым аралыгында жана Көк-Мойнок–Кувакы унаа жолунун 26-чакырымына чейинки тилкеде жолго түшкөн таштарды тазалоо жана катуу жаандан кийинки кесепеттерди жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

▪️Жолдорду тазалоо иштери №955 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылууда.

▪️Учурда аталган унаа жолдордо жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.

2 Июль 2026 жыл 15:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча