Бишкек, Ысык-Көл, Талас жана Чүйдө дрон учурууга убактылуу тыюу салынды. Себеби

ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата учкучсуз учуучу аппараттардын жана жалпы авиациялык учактардын учууларына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул чаралар учуу коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында киргизилүүдө.

  • 27-августтан 10-сентябрга чейин — Бишкек шаары, Ысык-Көл жана Чүй облусу;
  • 10–15-сентябрда — Бишкек шаары, Чүй жана Талас облусу.

Агенттиктен белгилешкендей, бул мезгилдерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар киргизилген режимдин сакталышын көзөмөлдөйт. Жогорудагы аймактарда ар кандай уруксатсыз учуу дароо токтотулат.

“Бул талаптарды бузган жеке адамдар, кызмат адамдары жана юридикалык жактар мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат”, — деп билдиришти агенттиктен.

27 Август 2026 жыл 11:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча