Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча турнирде алтын медаль утту

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Польшада өтүп жаткан «Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open 2026» эл аралык мелдешинде алтын медаль жеңди.

Жанышов 87 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, төрт беттеш өткөрдү. Биринчи кармашында ал мекендеши Азат Салидиновду 4:0 эсебинде жеңсе, андан соң венгриялык Тамаш Леваини (5:2) жана украиналык Ярослав Фильчаковду (4:1) утуп алды. Финалда Жанышов Армения өкүлү Геворг Тадевосян менен кездешип, 6:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Эске салсак, Варшавада Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open 2026 эл аралык турнири өтүүдө. Анда Кыргызстандын намысын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командалар коргоп жатат.

27 Август 2026 жыл 13:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча