Непалдагы селдин кесепетинен каза болгондордун саны 389 кишиге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү полиция билдирди.
Полициянын маалыматы боюнча, 466 адам жаракат алып, куткарылган. Эң көп курмандыктар Читван улуттук паркынын аймагында катталган.
Эске салсак, 26-август күнү эртең менен Непалда муз-таш көчкүсү жүрүп, Бхоте-Коши дарыясында суунун деңгээли кескин жогорулагандыктан сел жүргөн. Кырсык бир катар калктуу конуштарды, жолдорду жана гидроэнергетикалык объекттерди талкалаган. Ошондой эле ылай-таш агыны Кытайдын Тибет автоном районунун Гьирунг уездиндеги чек ара пунктун агызып кеткен.
Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытай тараптын алдын ала маалыматы боюнча Тибетте жана Непалда каза болгондор менен дайынсыз жоголгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин кабарлаган.
