Алыскы аймактарда жана айылдарда иштеген дарыгерлерге ар үч ай сайын кошумча 66 миң сомдон төлөнөт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул каражат мамлекеттик ооруканаларда, клиникаларда иштеген дарыгерлерге жана медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө берилет. Жалпысынан мындай дем берүүчү төлөм 1000 дарыгерге каралган.
Саламаттык сактоо министрлиги бир айдын ичинде бул программага катыша турган адистерди тандап алуу тартибин бекитет. Жобо расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.