Польшада кыргыз балбаны техникалык артыкчылыгы боюнча жеңишке жетип, мелдештин коло медалын алды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Афтандил Таалайбек уулу Польшада өтүп жаткан Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open эл аралык мелдешинде коло медаль тагынды.

63 кг салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык спортчу үчүнчү орун үчүн беттеште Литванын өкүлү Юстас Петравичус менен күрөшүп, беттеш 5:5 эсебинде аяктаган.

Жыйынтыгында Афтандил Таалайбек уулу техникалык артыкчылыгы боюнча жеңишке жетип, мелдештин коло медалын алды.

28 Август 2026 жыл 12:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча