Таласта кире бериштеги арка жаңыланып, 37 чакырым электр линиясы тартылууда

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө даярдыктын алкагында облуска кире бериштеги арка толук реконструкцияланды. Бул тууралуу президенттин өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.

Анын айтымында, иштер президенттин тапшырмаларына жана Талас облусун өнүктүрүү стратегиясына ылайык жүргүзүлүүдө.

«Долбоордун алкагында кире бериш арка жаңыланып, эс алуу жайынын курулушу аяктады. Аны 4-5-сентябрда пайдаланууга берүү пландалууда. Ошондой эле Манаска арналган эстелик толук реконструкцияланып, анын жанына Манастын жети осуяты орнотулду», — деди ал.

Мындан тышкары, облус башчысы Талды-Булактан кире бериш аркага чейин 37 чакырым электр линиясы тартылганын белгиледи. Анын айтымында, буга чейин бул өрөөндө электр энергиясы болгон эмес.

28 Август 2026 жыл 15:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча