Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери уланууда

Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, иштерди Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүүдө.

Көзөмөлдөө иштеринин негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетүүсүнө жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө, ошондой эле дарыянын нугу өзгөрүп кетүүсүнүн алдын алуу менен аткарылып жаткан иштердин сапатын камсыз кылуу.

Белгиленгендей, учурда Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорундагы тиешелүү тилкелерде жээктерди бекемдөө иштери аяктоо алдында турат. Ал эми Сокулук районунда бул багыттагы иштер күчөтүлгөн тартипте улантылууда

27 Август 2026 жыл 18:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча