Уй жана кой этинин бааларын турукташтыруу максатында бардык аймактарда комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда эттин баасынын мындан ары өсүшүнө объективдүү экономикалык негиздер аныкталган жок.
Эттин дүң жана чекене баалары, продукциянын өздүк наркы, ошондой эле рыноктогу сунуштун абалына жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгында максималдуу баалар иштелип чыкты.
Учурда кызмат жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте эт рыногунун катышуучулары менен келишим түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Келишимдин алкагында эттин бааларына жана анын жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү, сунушталган баалык багыттарды сактоо, ошондой эле мүмкүн болуучу тартыштыкка же баалардын кескин өсүшүнө ыкчам чара көрүү каралат.