Эски долларларды чет өлкөгө чыгарууга берилген уруксат дагы узартылды

2006-жылга чейин чыгарылган үлгүдөгү АКШ долларын Кыргызстандан чет өлкөгө алып чыгууга берилген убактылуу уруксаттын мөөнөтү 2027-жылдын 1-мартына чейин узартылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Улуттук банктын башкармалыгы тарабынан 24-августта кабыл алынган. Эски банкнотторду башка нак же нак эмес АКШ долларына алмаштыруу максатында чет өлкөгө чыгарууга уруксат берилет.

Мындан тышкары, Улуттук банк казак теңгеси менен операцияларга байланыштуу убактылуу тартипти күчүн жоготту деп тапты. Ага ылайык, нак казак теңгесин сомго карата сатып алуу курсун белгилөөдө мурда колдонулган чектөө жоюлду.

Тиешелүү токтомдор Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланды.

27 Август 2026 жыл 15:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча