Таш-Көмүрдөгү балдар көркөм мектеби жаңы окуу жылында ачылат

Таш-Көмүр шаарында балдар көркөм мектеби жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 38,6 млн сомду түздү.

Имарат эки кабаттуу болуп курулуп, жалпы аянты 479 чарчы метр. Мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу жана чыгармачылык менен алектенүүсү үчүн бардык шарттар каралып, музыкалык жабдуулар менен камсыздалды.

Долбоор Таш-Көмүр шаарынын таланттуу жаштарына заманбап шарт түзүүгө жана колдоого багытталган.

27 Август 2026 жыл 16:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча