Азамат! Раззак Бейшекеев Польшада өткөн эл аралык турнирде алтын медаль алды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Польшада өткөн эл аралык турнирде жеңишке жетти.

67 кг салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан финалдык беттеште Норвегиянын өкүлү Хаавард Йоргенсенди 2:1 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.

Ал буга чейин Бейшекеев турнирде үч беттеш өткөрүп, катары менен жеңишке жеткен.

28 Август 2026 жыл 10:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча