Бишкекте IV Элдик курултай башталды

Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында IV элдик курултай башталды. Президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы курултай эки күнгө созулат.

Курултайдын ишине өлкөнүн бардык аймактарынан келген 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасы жана анын орун басарлары, министрликтердин массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

25 Декабрь 2025 жыл 10:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча