Башкы жаңы жылдык балатыны жандырууга байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу МККБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн саат 18:30да Ала-Тоо башкы аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын жандыруу салтанаты өтөт.
Майрамдык иш-чараны коопсуз жана тартиптүү өткөрүү максатында, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн саат 15:00дөн тартып төмөнкү көчө тилкелеринде автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет:
• Чүй – Эркиндик проспектиси;
• Чүй – Панфилов проспектиси.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, жол кыймылын жөнгө салууну жана коомдук коопсуздукту камсыз кылышат.
МККБ айдоочуларды жана шаар тургундарын убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга, жол жүрүү багыттарын алдын ала пландап, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын так аткарууга чакырат.