Чукул билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

ӨКМдин Гидрометеорологиялык кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы күтүлөт.

Министрлик катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет.

«Өзгөчө электр чубалгыларынан, жарнама калкандарынан, бак-дарактардан алыстап, коопсуз жайларда болуу кажет. Кандайдыр бир кырдаалга туш болгондо «112» кызматына токтоосуз билдирүү сунушталат. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.

11 Февраль 2026 жыл 9:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча