ЧУКУЛ КАБАР! АШУУЛАРГА КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛӨТ

Кыргызгидромет кызматы тараткан маалыматка ылайык, 2025-жылдын 13-декабрынан 15-декабрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Кар көчкү түшүүсү мүмкүн болгон ашуулар: 👇

📍Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу);

📍198-255 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

📍Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-74, 86-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);

📍Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3 чакырымдарында;

📍Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 40-90 чакырымдарында;

📍Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу);

Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад автоунаа жолунун 326-349 чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүүcү, кар күрткүсү күтүлөт.

12 Декабрь 2025 жыл 12:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча