Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкектеги Гареев атындагы ботаникалык бакка футбол аянтчаларын куруу демилгесине каршы пикирин 14-январда парламенттин жалпы отурумунда билдирди. Ал президентке кайрылып, ботаникалык бактарда уникалдуу өсүмдүктөр бар экенин эске алуу менен мындай демилгелерге тыюу салууну суранды.
«2022-жылы ботаникалык бактарды сактоо жана өнүктүрүү чаралары тууралуу» атайын токтом кабыл алганбыз. Токтомдо ботаникалык бактарды өнүктүрүү жолдору көрсөтүлгөн. Бизде болсо футбол талаасын курганы жатышат. Мен футболду өнүктүрүүнү колдойм. Бирок ботаникалык бакта эмес. Бул бак бишкектиктерге эле керек эмес, жалпы Кыргызстанга керек. Бүгүн ботаникалык бакка адамдар сейилдегени, эс алганы келишет. Бизде футбол аянттары үчүн жер толтура. Президенттен да буга көңүл буруусун суранам. Ал жакта футбол талаасынын кереги жок», — деди Дастан Бекешев.