3-августта Ош облусунун аймагында саат 05:35те эпицентриндеги күчү 3 баллга жакын болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Жер титирөөнүн очогу Алай кырка тоосунда, Кашка-Суу айылынан түндүк-батышка карай 18 чакырым, Кара-Өтөк айылынан түштүк-чыгышка карай 30 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-батышка карай 88 чакырым аралыкта жайгашкан.
Өлкөнүн калктуу пункттарында жер силкинүү сезилген жок.