Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Германияда ара жолдо калганы айтылган кыргызстандыктар жөнүндө 23-июлдун кечинде билдирүү таратып, ал жактагы улан-кыздардын жагдайы жөнүндө маалымат берди.
Мекемеден такташкандай, студенттерди “Немис академиясы окуу борбору” жоопкерчилиги чектелген коому, бейрасмий аталышы Samara Academy (№001179 уруксаттын негизинде иш жүргүзөт) Ferienjob программасы аркылуу Германияга жиберген. Аларды Германияда Global Recruit Services GmbH аттуу компания ESN ишканасына жумушка орноштурмак.
Global Recruit Services GmbH компаниясынын өкүлү Энди Вебер Кыргызстандын расмий органдарына билдиргендей, иш берүүчү ESN 20-июлда өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу иш орундары кыскарып кеткенин билдирген. Натыйжада 130 кыргыз жараны менен келишим үзүлгөн.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги келишимге ылайык аталган компания 28 күнгө чейин келишимди токтотууга укугу бар экенин, ошондуктан мында мыйзам бузуу жоктугун билдирди.
“Аталган программа боюнча Германияга жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын 130 жаранынын ичинен 23-июлга карата 50гө жакын жаран башка компанияларга жумушка орноштурулду. Калган жарандарды ишке орноштуруу улантылып, туруктуу көзөмөлдө турат. Учурда 80ге жакын жаран Бремен шаарында жүрөт, калгандары буга чейин жумушка орношкон же Германиянын башка аймактарына ишке орношуу үчүн кетишкен же жакын арада жөнөп кетүүгө даярданууда”, – деп айтылды министрликтин билдирүүсүндө.