Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Джеембаев курулуп жаткан батирлердин баалары боюнча толук маалымат менен бөлүштү.
Анын айтымында, батирлердин баалары ар кандай. Үлүштүк курулуш үчүн 750 доллардан баштап 1400 долларга чейин. Ал эми эң кымбат батирлер «Ынтымак» турак жай комплексинде.