Эртең, 11-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Тоолуу аймактарда гана кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −12 … −17, күндүз +1 … +6;
Талас жергесинде түнкүсүн −11 … −13, күндүз +4 … +6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −3 … −5, күндүз +8 … +10;
Ысык-Көлдө түнкүсүн −15 … −17, күндүз −4 … −6;
Нарын аймагында түнкүсүн −18 … −20, күндүз −6 … −8;
Бишкек шаарында түнкүсүн −13 … −15, күндүз +4 … +6.