Кадамжай районунда дайынсыз жоголгон 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды

Баткен облусунун Кадамжай районунда дайынсыз жоголгон 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Баткен облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, ал өз жанын кыйган.

12-июлда Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө Алга айылынын тургуну, 2011-жылы туулган өспүрүмдүн жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Милициянын билдирүүсүнө караганда, өспүрүм үй-бүлөсүнө таандык унаа менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон байланышка чыкпай калган.

13-июль күнү кечинде өспүрүмдүн сөөгү Таш-Булак жайлоосунан табылган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өспүрүм өз жанын кыйган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда милиция окуянын бардык чоо-жайын жана буга эмне себеп болушу мүмкүн экендигин аныктоо үчүн териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

14 Июль 2026 жыл 14:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча