Бүгүн Ноокен районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери күчөтүлгөн тартипте уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 09:00гө карата кесепеттерди жоюу жана аймактарды тазалоо иштерине райондук жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 350 адам, ӨКМден 101 куткаруучу тартылды.
Ошондой эле 22 оор инженердик техника иш алып барып, турак жайлардын, көчөлөрдүн жана социалдык объектилердин аймагын сел калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, 13-июль күнү саат 19:30дар чамасында райондо нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел суулары 466 турак үйдүн короосун каптап, анын ичинен 80 турак үйдүн ичине кирген. Мындан тышкары, 4 коомдук тамактануучу жай, 1 мечит, 5 унаа оңдоочу жай, 2 унаа жуучу жай жана 1 бала бакчанын короосу сел сууларынан жабыркаган.