Таласта ЖРТдан жогорку балл алган 63 бүтүрүүчүгө 50 миң сомдон берилди

Таласта ЖРТдан жогорку жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилди. Бул тууралуу «Альянс алтын» өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул Талас облусунун башчысы Эрмат Жумаев тарабынан демилгеленген. Натыйжада ЖРТдан 200 жана андан жогору балл топтогон 63 бүтүрүүчүгө 50 миң сомдон тапшырылды.

«Бул демилгени ишке ашырууга «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду тарабынан 3 млн 244 миң 500 сом каражат бөлүндү», — деп айтылат маалыматта.

Демилгенин негизги максаты – билим берүү тармагын колдоо, окуучулардын билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу, аларга дем-күч берип, жаңы жетишкендиктерге шыктандыруу.

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Талас облусунда билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келет. Бүгүнкү күнгө чейин бул багытта жалпы 148 долбоор ишке ашырылып, аларга 86 млн сом каражат бөлүнгөн.

14 Июль 2026 жыл 17:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча