Камчыбек Ташиев Кыргызстанга эртең менен келет

Социалдык тармактарда элдик генерал Камчыбек Ташиевдин Кыргызстанга келер-келбеси боюнча ар кандай божомолдор айтылып жаткан учурда, бул маалыматты анын тарапташы Нургазы Анаркулов социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.

Анда айтылгандай, Камчыбек Ташиев дарылануусу толук аягына чыга элек болгонуна карабастан, кырдаалга байланыштуу эртең менен Кыргызстанга келет.

Ошондой эле Нургазы Анаркуловдун билдирүүсүндө Камчыбек Ташиев тарапташтарына «эч ким мени тосуп алууга келбесин» деген өтүнүчүн билдиргени айтылган.

12 Февраль 2026 жыл 23:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча