Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жолдун 82-85-чакырымдагы Чоң-Ашуу ашуусунун 3 жерине болжол менен жалпы көлөмү 10 983 метр куб кар көчкү түшкөн.
Учурда жеринде №11 ЖТИден 2 бульдозер тартылып, тазалоо жана кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө.
Жогоруда аталган унаа жолу Ак-Суу РМАнын башчысы-акимдин 2025-жылдын 19-декабрындагы тескемесинин негизинде 2025-жылдын 19-декабрынан 22-декабрына чейин убактылуу жабылган.