Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосуна алып барчу жалпы узундугу 35,5 чакырымды түзгөн унаа жолу толугу менен жаңыланып, асфальт төшөлдү. Долбоор президенттин колдоосу менен бөлүнгөн мамлекеттик каражаттын эсебинен ишке ашырылганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Белгиленгендей, жолду реконструкциялоо иштери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча бекитилген иш-чаралар планынын алкагында жүргүзүлдү. Долбоордун алкагында жол катмары жаңыланып, жол жээктери бекемделди. Ошондой эле жол белгилери жана коопсуздук тосмолору орнотулуп, унаалар үчүн атайын токтотуучу жайлар курулууда.
Жаңыланган жол Кырчын жайлоосуна каттаган жарандар жана туристтер үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап транспорттук шарттарды камсыздай тургандыгы айтылат.