Кыргызстанда акыркы бир жумада кой этинин баасы 0,2 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жүргүзгөн азык-түлүк бааларынын мониторингинин жыйынтыгында белгилүү болду.
Министрликтин маалыматына ылайык, 23-июлга карата өлкөдө пияз 3,5 пайызга, сабиз 3 пайызга, тоок жумурткасы 2,7 пайызга, таңгакталган макарон азыктары (спагетти) 0,5 пайызга, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) 0,3 пайызга, нан азыктары (тандыр нан) 0,1 пайызга, уй эти (сулп этинен башкасы) 0,1 пайызга жана кумшекер 0,1 пайызга жогорулаганы байкалды.
Министрлик ошондой эле Кыргызстандагы азык-түлүк бааларын Казакстан жана Россиядагы көрсөткүчтөр менен салыштырып чыккан.
Мониторингдин жыйынтыгында коңшу өлкөлөрдө да айрым азык-түлүк түрлөрүнүн баасы өзгөргөнү аныкталган.