Ошто өспүрүмдөрдүн жаңжалы боюнча кылмыш иши козголуп, жаш өспүрүмдүн атасы камакка алынды

Ош шаарында өспүрүмдөрдүн ортосундагы жаңжал боюнча кылмыш иши козголуп, жаш өспүрүмдүн атасы камака алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

«Бул факты боюнча материалдар Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүндө катталып, 2026-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

2026-жылдын 21-июль күнү Ош шаарынын Анар кичи шаарчасынын тургуну 1988-жылы туулган Ж. Ы. (апасы)арыз менен кайрылып, анын уулу — 2011-жылы туулган А. Н. белгисиз себептерден улам ур-токмокко алышканын билдирген.

Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып кароо жүргүзгөн. Жабырлануучу суракка алынып, анын денесиндеги жаракаттардын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошондой эле окуяга күбө болгон жарандардан көрсөтмөлөр алынган.

Тергөө алдындагы текшерүүнүн жүрүшүндө күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде, окуя өспүрүмдөрдүн ортосундагы өз ара пикир келишпестиктен улам келип чыккан жаңжалдын натыйжасында болгондугу аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында окуяга тиешеси бар делген Ош шаарынын 1982-жылы туулган тургуну П. А. аттуу жарандын өздүгү аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Аталган кылмыш ишинин алкагында шектүү катары кармалган П. А. Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш ишинин алкагында бардык жагдайларды толук жана объективдүү аныктоого багытталган тергөө амалдары улантылууда»,-деп айтылат маалыматта.

23 Июль 2026 жыл 10:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча