Кырчында уникалдуу этношаарча курулууда

Кырчын жайлоосунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасынын курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Этношаарчанын аймагындагы эл аралык туристтик этнобазардын ичинде жеңил конструкциядан 21 үй курулуп жатат. Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасын уюштуруу штабынын “Көчмөндөр айылы” аймагынын координатору Дөөлөт Рысбаев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, этношаарчадагы курулуштар көчмөн маданиятынын өзгөчөлүгүн чагылдыруу максатында жүргүзүлүп, анда заманбап технологиялар эмес, салттуу курулуш ыкмалары колдонулууда.

“Көчмөндөр ааламы” этношаарчасы көчмөн цивилизациясын тааныта турган өзгөчө мейкиндик болот. Бул жерде LED-экрандар сыяктуу заманбап каражаттар колдонулбайт. Тескерисинче, орто кылымдардан бери биздин аймакка таандык болгон архитектуралык үлгүлөрдүн негизинде үйлөр курулууда. Курулушта топурак, чопо жана таш сыяктуу табигый материалдар пайдаланылат”, – деди Дөөлөт Рысбаев.

Ал белгилегендей, этношаарчада өтө турган иш-чараларга 31 мамлекеттен жана Кыргызстандан атайын кароо-сынактын негизинде тандалып алынган мыкты кол өнөрчүлөр, уздар катышат. Алар курулуп жаткан үйлөрдө жандуу чебер-класстарын өткөрүп, өздөрүнүн буюмдарын сунушташат. Ошондой эле иш-чаралар аяктаганга чейин көчмөн шартта жашап, конокторго улуттук маданиятты жакындан тааныштырышат.

Алдыдагы жылдары бул этношаарча ири маданий жана эл аралык иш-чаралар өтө турган туруктуу аянтчага айланарын Рысбаев кошумчалады.

Мындан тышкары, Кырчын жайлоосундагы фудзона аймагында да 40ка жакын ушундай топурактан курулган үйлөр салынып жатканы маалымдалды. Бул аймак келген конокторду тамак-аш менен камсыз кылууга багытталат. Ошондой эле бул жерде 15 мамлекеттен келген мыкты ашпозчулардын катышуусунда эл аралык сынак өтөт.

Этношаарчанын негизги бөлүгүн боз үйлөр түзөт. Ар бир облустун, Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой 5 коомдук уюмдун өкүлчүлүктөрү өздөрүнүн боз үйлөрүн тигишет. Жалпы 15 боз үйдөн турган облустук ордолор уюштурулуп, алардын кире беришине ошол аймактын өзгөчөлүгүн чагылдырган сүрөтчүлөр тарабынан жасалган дарбазалар орнотулат. Ошондой эле кароо-сынактардан тышкары коноктор үчүн жатакана аянтчалары да уюштурулат.

Маалым болгондой, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мелдештеринин 70 пайызы Кырчын жайлоосунда өткөрүлөт. Учурда уюштуруу комитети аймакта курулуш жана жасалгалоо иштерин, жер тилкелерин даярдоо жана инфраструктураны уюштуруу иштерин улантууда.

Көчмөндөр оюндары аяктагандан кийин этношаарчанын объектилери сакталып, мындан ары ири маданий, туристтик жана эл аралык иш-чараларды өткөрүүчү жай катары пайдаланылат.

23 Июль 2026 жыл 18:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча