Кыргызстандык балбан Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча 87 килограмм салмак категориясында Бириккен күрөш дүйнөсүнүн жаңыланган рейтингинде биринчи орунду ээледи.
Жаңыланган рейтингде экинчи орунда Сербиянын өкүлү Александр Комаров, ал эми үчүнчү орунда Орусиянын балбаны Милад Алирзаев жайгашты.
Бул ийгилик Асан Жанышовдун эл аралык аренадагы туруктуу жогорку деңгээлдеги күрөшүнүн дагы бир далили болуп эсептелет.