Кыргызтсан Airbus 321 үлгүсүндөгү эки учак сатып алабы?

 Мамлекет Airbus 321 үлгүсүндөгү эки учак сатып алат. Бул тууралуу минкаб башчысы Адылбек Касымалиев Жарандык авиациянын 93 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.

Үстүбүздөгү жыл кыргыз авиациясы үчүн дагы бир маанилүү тарыхый окуя болгонун айткан Адылбек Касымалиев, Кыргызстан Европа биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыгарылганын кошумчалады. Бул багыттагы иштерди аягына чейин жеткирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

«Бул тапта мамлекет “Эйрбас 321” үлгүсүндөгү эки учак сатып алат. Максат — кыргыз авиакомпаниялары дүйнөнүн алдыңкы багыттарына коопсуз, сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү кызмат көрсөтө ала турган деңгээлге жетүү»,-деди ал.

7 Октябрь 2026 жыл 15:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча